Ссылки доступа

Орусия 9-апрелден тартып 52 өлкөгө учууга тыюу салган чектөөнү алат


Орусия 9-апрелден баштап 52 өлкөгө учууга тыюу салган ковид чектөөлөрүн алат. Бул тууралуу орус премьер-министри Михаил Мишустин билдирди.

Тизме Орусия менен достук мамиледеги мамлекеттерден турат. Маселен, аларга Ооганстан, Египет, Кытай жана Марокко кирген.

Аткаминердин айтымында, коронавирус инфекциясын жуктуруу көрсөткүчү азайды, буга байланыштуу орусиялык аба компанияларынын учуу багыттарын көбөйтүүгө мезгил жетти.

Мындан тышкары 9-апрелден тартып Кытай менен чек арада орусиялыктар менен чет өлкөлүк жарандар үчүн киргизилген чектөөлөрдүн баары алынат.

Орусия Украинага кол салгандан бери көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде Евробиримдиктин мүчөлөрү, АКШ, Улуу Британия жана башкалар орус учактары үчүн аба мейкиндигин жапкан.

Видео

Видео

Америкага барам деп алдангандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:44 0:00
XS
SM
MD
LG