Ссылки доступа

Казакстанда суу ташкынында өлгөн камсыздандырылбаган мал үчүн фермерлерге кенемте төлөнбөйт


Ербол Карашукее
Ербол Карашукее

Казакстанда суу ташкында өлгөн камсыздандырылбаган мал үчүн фермерлерге кенемте төлөнбөйт. Бул тууралуу өлкөнүн айыл чарба министри Ербол Карашукеев билдирди.

— Мыйзамда камсыздандырылбаган малга кенемте төлөп берүү каралган эмес. Бирок буга карабастан өлгөн малдын саны эсептелинет, — деди министр.

Казакстанда 2020-жылдын күзүндө малды камсыздандыруу системасы киргизилген. Анын эрежелерине ылайык, эгер мал жугуштуу ылаңдан же жаратылышы кырсыгынан өлсө, Айыл чарба министрлиги ээсине кенемте төлөп берет.

Өткөн апта соңунда Казакстандын түндүк жана батыш аймактарында сел жүрүп, суу турак жайлар менен короолорду каптаган. Буга байланыштуу Батыш Казакстан облусунда бери дегенде эле 600 киши эвакуацияланып, 100дөн ашык баш мал өлгөн. Коңшу Актөбө облусунда дарыялар нугунан чыгып, бир нече айыл облус борбору Актөбө шаары менен байланышсыз калган.

XS
SM
MD
LG