Ссылки доступа

Өзбекстандын түштүгүндө флоранын жаңы түрү табылды


Өзбекстанда 80 жылдан бери алгачкы жолу Айиктавон тобуна таандык өсүмдүктүн жаңы түрү табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Илимдер академиясы билдирди.

Расмий маалыматка караганда, бул уникалдуу өсүмдүктү Өзбекстан Илимдер академиясынын окумуштуулары Сурхандарыя облусунун Байсун тоолорунан таап, Ranunculus tojibaevii деген ат ыйгарышты.

"Өзбекстанда акыркы жолу Ranunculus тобуна кирген флоранын жаңы түрү 1941-жылы аныкталган жана Ranunculus vvedenskyi" деген ысым алган.

Өсүмдүктүн бул түрү тууралуу жаңы илимий материал белгилүү PhytoKeys ботаникалык журналында жарыяланды.

2021-жылы майда өзбек окумуштуулары Фергана өргөөнүндөгү талаа иликтөөлөрү учурунда илимде али белгисиз жапайы пияздын жаңы түрү табылганын кабарлашкан.

Видео

XS
SM
MD
LG