Ссылки доступа

Тажикстанда блогердин апасына козголгон кылмыш иши тергелип бүттү


Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" тобу менен кызматташууга айыпталган Шохида Мамажоновага карата козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Туугандары ага тагылган айып менен макул эмес.

45 жаштагы Шохида Мамажонова 3-февралда Вахдаттагы милиция бөлүмүнө чакырылып, ошол бойдон үйүнө кайтып келген эмес. Тажикстандын Ички иштер министрлиги 8-февралда гана камакка алынганын ырастаган.

"Озоди" радиосунун өз булагы Шохида Мамажонованын иши тергелип бүткөнүн, иш Исмоили Сомони райондук сотуна жиберилгенин билдирди. Сот отуруму 7-апрелге белгиленген.

Мамажонова өлкөдө тыюу салынган "Группа 24" кыймылы менен кызматташууга айыпталууда. Эгер ал күнөөлүү деп табылса 8 жылдан 12 жылга чейин соттолуп, эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратылышы мүмкүн.

Өз булак Мамажонова тыюу салынган диний уюм менен кызматташканын мойнуна алганын билдирди. Маалыматка караганда, анын мобилдик телефонунан "Группа 24" менен байланышын тастыктаган далилдер табылган.

Германияда жашаган тажик блогери Шерзод Мамажоновдун апасы Шохида Мамажонова бийликтин хиджабга карата мамилесин сындап келген. Ал апасы анын бийликти сындаган блогдору үчүн куугунтукталып жатканын айтууда.

XS
SM
MD
LG