Ссылки доступа

Казакстанда Украинадагы согушка байланыштуу дары-дармек кымбаттоодо (видео)


Война в Украине может привести к подорожанию лекарств в Казахстане
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:44 0:00

Украинадагы согуш жана Орусияга салынган санкциялардын кесепети жакынкы айларда Казакстандын фармацевтикалык рыногуна сокку урушу мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн Көз карандысыз дарыканалар ассоциациясы билдирди.

Казакстандын фармацевтикалык рыногу Орусия жана Украинадан келген дары-дармектерден көз каранды. Былтыр Казакстан 21 миң тоннадан ашык дары импорттосо, алардын үчтөн бири Орусияда өндүрүлгөн. Азырынча дары жетишсиздиги Орусия менен чектеш аймактарда гана сезилүүдө, Алматы менен Нур-Султанда абал туруктуу. Бирок баалар өсүүдө, буга негизинен теңгенин арзандашы себеп болууда.

Казакстандын бийлиги европалык фармөндүрүүчүлөр менен кызматташууну кеңейтүү жолдорун талкуулап жатышат. Бирок бюрократиядан улам импортту тез жолго коюу мүмкүн эмес болууда.

"Дарыны Казакстанда сатуу үчүн аны алгач Саламаттык сактоо министрлигинен катттоодон өткөрүү керек. Андан соң партия келет, анан ал кайра сертификациядан өтөт. Башкача айтканда, бир эле нерсени эки жолу жасайбыз. Казакстанда препаратты каттоодон өткөрүү үчүн 1,5 – 2 жыл кетет", – деди ассоциациянын башчысы Талгат Омаров.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө дары-дармек тартыштыгына жол бербей турганын, жергиликтүү өндүрүштү көбөйтөрүн билдирүүдө. Бул арада германиялык, италиялык жана швейцариялык өндүрүүчүлөр үчүн сертификация жол-жоболорун жеңилдетүү каралууда.

Бул арада украиналык фармкомпаниялар казак рыногунан кетүү ниети жок экенин, согушка карбай, Орусиянын аймагын айланып өтүп жеткирүүнү жандандырарын билдирүүдө. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги тартыштыкка жол бербөө үчүн дары жана медициналык буюмдарды жарым жылга чейин ташып чыгууга чектөө киргизүүнү пландоодо. Тиешелүү буйрук даярдалды.

Видео

Видео

Кыргызча түш жоруган таластык немистер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:26:10 0:00
XS
SM
MD
LG