Ссылки доступа

Ак үй: Орусия Украинанын чыгыш жана түштүк аймактарында чабуул жасоого даярданууда


Орусия Украинада жетишүүнү көздөгөн алгачкы максаттарын өзгөртүп жатат. Бул тууралуу АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан дүйшөмбү күнү брифинг маалында билдирди.

Анын айтымында, Орусия он миңдеген аскерин Украинанын чыгыш жана түштүк аймактарына жөнөтүүнү пландоодо. "Орусиянын ыктымалдуулугу эң жогору болгон негизги максаты – аталган аймактардагы украин аскерлерин курчоого алуу жана жок кылуу. Москва кандай гана тактикалык ийгилиги болбосун, аны жетишкендик катары көрсөтүп, буга чейинки ийгиликсиз аскердик аракеттерин жабууга аракет кылат", — деди ал.

Салливандын айтымында, согуштун кийинки этабы узакка созулушу мүмкүн, анткени Украинанын чыгышында орус аскерлери саны жагынан көп жана алар согуш башталганга чейин жикчилдер көзөмөлдөп тургандан кыйла көбүрөөк аймакты каратып алууга аракет кылат.

"Түштүктө болсо Орусия Херсонду өз көзөмөлүндө сактап калууга аракет жасашы мүмкүн. Ошол эле маалда ал Украинанын башка аймактарына, анын ичинде Киев, Харьков, Львов жана Одесса шаарларына ракеталык соккуларды жасоосун уланта берет", — деди Салливан.

Ал жакынкы күндөрү АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Украинага жаңы аскердик жардам берилерин жарыялай турганын кошумчалады.

Орусиянын аскерлери ээлеп турган маалда Украинанын Буча шаарында жайкын тургундар жапырт өлтүрүлгөн учурлар жөнүндөгү кабарлардан кийин батыш өлкөлөрү Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө, ошондой эле аскердик кылмышка баргандарды соттоо үчүн далилдерди топтоого көмөктөшүүгө даяр экендигин билдиришти. Дүйшөмбү күнү Жо Байден аскердик кылмыштары үчүн Орусиянын президенти Владимир Путинди сот жоопкерчилигине тартууга чакырган.

XS
SM
MD
LG