"Акыркы окуялар биздин аймактын инвестициялык жагымдуулугуна да терс таасирин тийгизип жатат. Ошондуктан биз ири инвестициялык долбоорлорго каржы булактарын издөөгө аргасыз болуудабыз. Бул албетте алдыга коюлган түзүмдүк реформаларды тез жана натыйжалуу ишке ашырууну талап кылат. Мындан улам айрым инвестициялык долбоорлорду токтото турууга туура келиши мүмкүн. Мындан тышкары биздин негизги соода өнөктөштөрүбүздүн улуттук валюталарынын девальвациясы да сумга таасир этүүдө", - деди Нурмуратов.
Анын айтымында, Өзбекстан чет өлкөлөрдөн импорттогон мунай, металл, акталган таруу жана өсүмдүк майы сыяктуу сырьелор менен азык-түлүк товарларынын дүйнөлүк баасы да жогорулап жатат.
"Мындан тышкары салттуу деңиз жолдору да барган сайын татаалдашып баратат", - деп кошумчалады Борбордук банктын төрагасы.