Ссылки доступа

Зеленский БУУнун Коопсуздук кеңешинде кайрылуу жасады


Украинанын президенти Владимир Зеленский Буча шаарында
Украинанын президенти Владимир Зеленский Буча шаарында

Украинанын президенти Владимир Зеленский 5-апрелде БУУнун Коопсуздук кеңешинде видеокайрылуу жасап, Украинадагы кылмыштары үчүн Орусияны жоопко тартууга үндөдү.

Президент Буча шаарында болгон окуялардын видеосун көрсөттү. Анын айтымында, Киевдин четиндеги шаарчада, бүтүндөй үй-бүлөлөр туш келди жок кылынган.

"Аларды батирлеринде, үйлөрүндө өлтүрүшкөн. Жөнөкөй кишилерди машинеде отурган жеринен танктар менен ырахат алуу үчүн тебелеткен”, - деди ал.

Зеленский Бучадагы окуяларды Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки "эң коркунучтуу аскердик кылмыш" деп атады. Бул украин жергесинде "41 күндөн бери баскынчылар жасап жаткан жоруктардын бир эле мисалы" деп белгиледи. Анын айтымында, орус аскерлерлери кыйроолор, жапырт көрүстөндөрдү калтырып кетишкен.

Зеленский "жүз миңдеген" украиналыкты Орусияга депортациялашканын айтып, орусиялыктар украиндерге таандык ар бир нерсени – тамак-ашынан баштап алтын буюмдарына чейин уурдоодо деп айыптады.

Президент БУУну Орусияга каршы санкция киргизүүгө гана эмес, ал өлкөнү Коопсуздук кеңешинен чыгарууга чакырды. Ал ошондой эле БУУнун хартиясын реформалоо керектигин, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин нацисттерди соттогондой эл аралык трибунал түзүү зарылдыгын кошумчалады.

Орусиянын бийлиги айыптоолорду четке кагып, орус аскерлеринин Бучадагы кылмыштары тууралуу маалыматтарды Москваны каралоону көздөгөн "чагым" деп сыпаттаган. Кремль аскерлер Бучадан 30-мартта чыгарылганын айтууда.

Бирок Maxar Technologies фирмасынын марттын ортосунда спутниктен тартылган сүрөттөрүндө Бучанын көчөлөрүндө жаткан сөөктөр көрүнүп турат.

XS
SM
MD
LG