Ссылки доступа

Тажикстандын түндүгүндө жүздөгөн окуучу президентти тосуп алуу иш-чарасына даярдык көрүүдө (видео)


Тажикстандын Согд облусундагы Пенжикент шаарында жүздөгөн өспүрүм президент Эмомали Рахмонду тосуп алуу иш-чарасын уюштурууга катышып жатат.

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, бир нече күндөн бери жүздөгөн мектеп окуучусу сабактарга катышпастан, жергиликтүү стадиондо президентти тосуп алуу иш-чарасына даярдык көрүүдө.

Учурда мындай даярдыктар Тажикстандын түндүк бөлүгүндөгү башка шаарлар менен райондордо да өтүп жатканы кабарланууда. Жакынкы күндөрү Эмомали Рахмон бул аймактарга иш сапары менен келет деп күтүлүүдө.

Тажикстанда майрамдык иш-чараларга студенттер менен мектеп окуучуларын тартуу тажрыйбасы көптөгөн жылдардан бери колдонулуп келет. Буга чейин бийлик балдарды окуудан алагды кылып, иш-чараларга даярдык көрүүнүн алкагында аларды "маршировкага" катыштырганы үчүн бир нече жолу сынга кабылган.

Видео

Видео

Кыргызча түш жоруган таластык немистер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:26:10 0:00
XS
SM
MD
LG