Ссылки доступа

Казакстанда январь окуяларында имараттарды басып алган деген шек менен 11 киши кармалды


Январь окуяларында Алматы облустук акимчилигин жана жергиликтүү полициянын имаратын басып алган деген шек менен 11 киши кармалды. Бул тууралуу 5-апрелде облустук полиция департаменти билдирди.

Маалыматка караганда, 20 жаштан 39 жашка чейинки курактагы шектүүлөр "облустун түрдүү райондорунда" кармалган. Алардын жанынан курал-жарак жана атайын коргонуу каражаттары табылганы кабарланды. "Бул курал-жарактар менен буюмдар шаардык жана облустук полициянын имаратына кол салуу учурунда жоголгон. Кармалгандарга карата "Жапырт башаламандык" беренеси боюнча тергөө иштери башталды", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Буга чейин Казакстандын Башкы прокуратурасы январь окуялары маалында Алматы жана Жамбыл облустук полиция департаменттеринин имараттарынан 1,5 миңден ашык курал-жарак жоголгонун кабарлаган.

Казакстанда январь окуялары боюнча козголгон кылмыш иштери боюнча 152 адамга өкүм чыккан. Алардын 17си жазасын түрмөдө өтөсө, 135 киши күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген чыгымды төлөп бергендиктен эркиндиктери чектелип, коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирилген.

Казак бийлиги кандуу январь окуялары маалында бери дегенде эле 230 адам каза болгонун билдирген. Кийин козголгон кылмыш иштеринин алкагында миңдеген киши кармалып, жүздөгөн адам ар түрүү айыптар менен камакка алынган. Камактагылардын көбү кыйноого кабылганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG