Ссылки доступа

Казакстанда өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттарды кайтаруу боюнча комиссия түзүлдү


Казакстандын өкмөтү өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттарды кайтаруу боюнча комиссия түздү. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Алихан Смаилов кол койду.

"Жумушчу топтор өлкөдөн чыгарылган каражаттар боюнча анализ жүргүзүп, аларды кайтарууга стимул берүү жана капиталды кайра алып келүү чараларын кабыл алуу боюнча тиешелүү сунуштарды иштеп чыгууда", - деп жазылган өкмөттүн сайтындагы маалыматта.

Өкмөт стимул берүү чаралары катары валюталык кирешенин 80 пайызы конвертацияланган учурда кошумча нарк салыгын жеңилдетилген тартипте төлөп берүүнү сунуштоодо. Мындан тышкары резидент эместерге дивиденд төлөөдө салык жеңилдиктерин берүү жана материалдык эмес кызматтар боюнча чегерүүлөрдү чектөө сыяктуу чаралар каралууда.

Премьер-министрдин орун басары Ерулан Жамаубаев менен экономика министри Алибек Куантыров "Комиссия мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсү чыгарып кеткен каражатты кайтаруу маселесин карайбы?" деген суроого так жооп беришкен жок. Алардын айтымында, бардык жагдайларды комиссия аныктап, укук коргоо органдары изилдеп чыгат.

Президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн 7-февралдагы жыйынында чет өлкөлөргө мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттар кайтарылышы керек экенин айткан. Андан бир нече күн мурда депутат Максат Раманкулов Tax justice network уюмунун маалыматына таянып, акыркы 25 жылдын ичинде Казакстандан 140-160 миллиард доллар чыгарылып кеткенин билдирген.

XS
SM
MD
LG