Ссылки доступа

Өзбекстандын Жогорку соту блогер Отабек Сатторинин өкүмүн күчүндө калтырды


Өзбекстандын Жогорку соту 5-апрелде блогер Отабек Сатторинин иши боюнча кассациялык арызды карап, Самарканд облустук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз катчысы Азиз Обидов билдирди.

Анын айтымында, Сатторинин Музрабат райондук жана Самарканд облустук соттордун буга чейинки өкүмдөрүн жокко чыгаруу өтүнүчү четке кагылды.

2021-жылы майда Музрабат райондук соту 40 жаштагы Отабек Сатторини 6,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал "Опузалап акча талап кылуу" жана "Жалаа жабуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. 40 жаштагы Саттори акыркы сөзүндө күнөөсүз экенин айтып, өзүн сот залынан бошотууну суранган. Эл аралык уюмдар Сатторинин кармалышын "сөз эркиндигине жасалган сокку" деп мүнөздөшкөн.

Telegram жана YouTube каналдары аркылуу "Эл пикири" деген видеоблог алып барган Саттори жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сындап жүргөнү менен белгилүү. Ал 30-январда Термез шаарында опузалап акча талап кылууга шек саналып кармалган. Марттын башында блогерге "Жалаа жабуу" жана "Кемсинтүү" беренелери боюнча жаңы айыптар тагылганы кабарланган.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар Отабек Сатторини эркиндикке чыгарууга чакырышкан. Алар блогерге каршы кылмыш иштери коррупциялык көрүнүштөрдү жашыруу максатында ойдон чыгарылган деп эсептешүүдө.

XS
SM
MD
LG