Ссылки доступа

The Diplomat: Өзбекстан жаңы соода жолдорун ачуу үчүн түштүктөгү коңшуларына ык койду


Быйыл мартта индиялык трейдерлер биринчи жолу Пакистан жана Ооганстан аркылуу Өзбекстанга товарларды жөнөтүштү. The Diplomat маалымдагандай, Өзбекстан үчүн түштүктөгү коңшулары аркылуу соода жолдорун ачуу приоритеттүү болуп баратат.

"Америка Үнү" басылмасы маалымдагандай, жүк партиясы негизинен Индияда өнүдүргөн кумшекерден турган.

Алгач жүк Индиядан Пакистандын Карачи портуна жеткирилген. Андан соң Ооганстанга жөнөтүлүп, Кабулдагы Торхама чек арасынан өткөн. Кабулдан Мазари-Шарифге, акыры Термез аркылуу Өзбекстанга келген.

Өзбекстан үчүн Орусия негизги соода өнөктөш жана дүйнөлүк рыноктогу маанилүү коридор болуп эсептелет. Азыркы тапта эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 7,5 миллиард долларды түзөт.

Ага карбай, кийинки мезгилде Өзбекстан соода жолдорун кеңейтүүнү үстүндө иштеп жатат.

Ташкент өзгөчө түштүктөгү коңшуларына көңүл бурууда. Пакистандын деңиз портторуна чыгуу Өзбекстан үчүн маанилүү. 2022-жылы мартта эки өлкө ондогон товарлар үчүн тарифтерди азайтуу жөнүндө соода келишимине кол коюшту.

Былтыр июлда Өзбекстан менен Пакистан транзиттик соода жөнүндө макулдашкан.

Бул келишимдерде Ооганстан чечүүчү мааниге ээ, себеби өлкө Өзбекстан менен Пакистандын ортосунда жайгашкан.

Diplomat басылмасынын макаласында, Өзбекстан башка маанилүү маселелерден улам да Пакистан портторуна артыкчылык бере баштаганы белгиленген. Жакында Казакстанда, азыр Украинада болуп жаткан окуялар Ташкенттин тынчсыздануусун жаратууда. Орусияга каршы санкция өлкөнүн соода дараметин тушап, бул Өзбекстан экономикасына олуттуу таасирин тийгизүүдө. Ири жеткирүүчү компаниялар Кара деңиз аркылуу КМШ мамлекеттерине экспортту токтотту.

XS
SM
MD
LG