Ссылки доступа

Тажикстандагы ооган мектебине 80 миң доллар бөлүндү


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Америкалык өкмөттүк эмес уюм Душанбедеги АКШнын элчилиги менен өнөктөштүктө Тажикстандагы жападан жалгыз ооган мектебине 80 миң доллар бөлдү.

Бул мектеп Кабулда бийлик алмашкандан кийин каржылык кыйынчылыкка туш болгон. Окуу жай донорлор жардам бербесе, ишин жүргүзө албай каларын жарыялаган.

Spirit of America уюмунун өкүлү Зак Баззи Тажикстанда жашаган ооганстандыктар мындан ары жакшы шартта билимин уланта аларын айтты.

"Мен мугалимдер жана окуучулар менен жолугуп, сүйлөшүү үчүн АКШдан бери келдим. Бул мага жаңы эргүү тартуулады. Бүгүн биз – балдар да, кыздар да биргебиз. Биз сиздердин кайраттуу экениңиздерди көрүп турабыз", - деди ал.

Бул грант 12 айга эсептелген. Уюмдун өкүлдөрү бул мөөнөт бүткөндөн кийин да жардам берүү улана турганын айтышты. Зака Баззинин билдиришинче, алар келерки жылы 30 миң доллар берүүнү чечишти.

Душанбедеги "Сомониён" мектеби жеке имараттардын биринде жайгашкан. Ижара үчүн айына 2000 доллардан төлөйт. Мындан ары ижара акысын, Интернет жана транспорт чыгымдарын Spirit of America уюму төлөйт.

Мектепте 35 мугалим 500дөн ашык окуучуга билим берет. Коммуналдык кызмат акысы жана мугалимдердин маянасы студенттик келишимдердин негизинде төлөнөт. Буга чейин мектеп администрациясы студенттик келишимдин акысы убактылуу 100 сомониден (8 доллар) 150 сомониге (12) көбөйгөнүн кабарлаган.

Мектепте сабактар ооган окуу программасына шайкеш перс жазуусунун негизинде өтүлөт.

Ооганстанда талибдер бийликке келгенден кийин мектепти каржылоо токтотулган. "Талибан" 6-класстан өйдө окуган кыздарды окуудан чыгарган. Талибдер кураган өкмөттү дүйнөдө бир да өлкө тааный элек. Тажикстанда жашаган оогандыктар алардын кыздарды мектепке кабыл албай жатканын сындап келишет.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстанда 15 миңдей ооган качкыны бар.

XS
SM
MD
LG