Ссылки доступа

Доллардын расмий жана базардагы курсундагы айырма 9 сомго жетти


Кыргызстанда АКШ долларынын курсу кайрадан көтөрүлдү. Акыркы суткада эле валюта баасы 6 сомдон ашык кымбаттады.

6-апрелде саат 10:00гө карата банктар долларды 94,5-95 сомдон сатып, 92,5-93 сомго сатып алууда.

Базарда доллардын курсу өсүп жатканына карабай, Улуттук банк расмий курсту 85,70 сом деп белгилеген. Бир күн мурда 85,76 сомду түзгөн.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден кийин Европа өлкөлөрү жана АКШ Орусияга бир катар экономикалык санкцияларды салып рублдин куну түшүп, доллардын баасы өсүп кеткен.

Анын таасири Кыргызстанга тийип, акыркы жылдары 85 сомдун тегерегинде кармалып турган доллар 106 сомго чыкты.

Соңку аптада валюта рыногунда абал олку-солку болуп турат. Өткөн аптада доллардын сомго карата баасы 7% чейин арзандаган.

5-апрелде расмий курс 85,7 деп аныкталып, базарда бир доллардын баасы 78 сомго чейин түшкөн.

Улуттук банк 30-31-март күндөрү эки жолу 20 млн. долларга жакын валюта сатып алуу боюнча интервенция жүргүздү.

2018-жылдан бери Кыргызстанда мындай операция жүргүзүлгөн эмес.

XS
SM
MD
LG