Ссылки доступа

Бухарестте жеңил автоунаа Орусия элчилигинин дарбазасын сүздү


6-апрель күнү эртең менен Орусиянын Бухаресттеги элчилигинин дарбазасын жеңил автоунаа сүзүп, өрттөнүп кетти.

Жергиликтүү полиция унаанын айдоочусу каза болгонун билдирди. Бул маалыматты прокуратура ырастады.

Учурда тергөөчүлөр окуянын чоо-жайын териштирип жатышат.

Digi24 телеканалы өз булактарына таянып, айдоочу бул ишке атайылап барганын кабарлады. Маалыматка караганда, ал Орусиянын Украинадагы агрессиясын токтотуу талабы менен өткөн акциялардан кийин элчиликтин алдына орнотулган тосмодон ашып өтүп, дарбазаны сүзгөн. Андан соң күзөтчү анын кетүүсүн талап кылганда ал бир нерсе деп кыйкырып, өзүн өрттөп жиберген.

G4media басылмасы элчиликке Богдан Драгич аттуу киши кол салганын, буга чейин ал социалдык түйүндөргө украиндерди колдогон билдирүү жазганын кабарлады. "Мен да украиналыкмын! Кандуу согуш аяктаганга чейин баарыбыз өзүбүздү украин деп эсептеп турсак жакшы болмок", – деп жазган ал.

Видео

XS
SM
MD
LG