Бул тууралуу Азия өнүгүү банкы билдирди.
Банктын эксперттеринин божомолу боюнча 2021-жылдагы 9,2 пайыз өсүштөн кийин Тажикстандын ички дүң өнүмү быйыл эки пайызга төмөндөйт. 2023-жылы өсүш 3 пайызды түзөт.
Банктын талдоосуна караганда, былтыр инфляция 8% болсо, быйыл 15% чейин жетет. Рубль менен кошо улуттук валюта – сомонинин кунсузданышы, күйүүчү май менен импорттолгон азык-түлүктүн кымбатташы –инфляцияга таасирин тийгизүүдө.
Азия өнүгүү банкы Тажикстандын ири каржы донору болуп эсептелет. 1998-жылдан бери банк өлкөгө 2,2 миллиард доллар, анын ичинде 1,6 миллиард долларын грант түрүндө берген.