Ссылки доступа

Орбан тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн Путинди Будапештке чакырды


Шаршембиде Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Орусия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу баарлашып, Украинадагы тынчтык жөнүндө сүйлөшүү үчүн аны Будапештке чакырды.

Орбан сүйлөшүүгө Украина президенти Владимир Зеленский менен Германия жана Франция лидердери да катышуусу керек экенин белгиледи. Венгер премьеринин айтымында, Путин буга “позитивдүү” реакция жасады, бирок бир нече шарт койду. Кандай шарт экени айтылган жок.

Орбандын билдиришинче, ал Путинди Украинадагы ок атышууну токтотууга чакырды. Ал Орусиянын Украинадагы аракетин агрессия деп атап, бирок Венгрия НАТОнун көптөгөн мүчөлөрүнөн айырмаланып, Киевге курал-жарак бербей турганын кайталады. Ал Будапешт Кремлдин талабын аткарып, орус газын рубль менен сатып алууга даяр экенин айтты.

Украина президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк Орбандын билдирүүсүнө комментарий берип жатып, Киев аны олуттуу кабыл албаганын кабарлады. Орус-украин сүйлөшүүлөрү онлайн-форматта өтүп жатат, бирок лидерлердин ыктымал жолугушуусу Будапештте өткөрүлөрү талкууланган жок.

XS
SM
MD
LG