Ссылки доступа

Мамдума башкы прокурорго ЖМКларды лицензиядан ажыратууга укук бере турган мыйзам долбоорун карайт


Мамдума депутаттары башкы прокурор менен анын орун басарларына ЖМКлардын каттоосун жараксыз деп табууга жана лицензиясынан ажыратууга укук бере турган мыйзам долбоорун карайт.

Мыйзам долбооруна ылайык, Орусиянын башкы прокурору жана орун басарлары “фейк” тараткан, армияны “каралаган”, санкцияларга чакырган, ошону менен бирге “Конституция менен мамлекетке, коомго шек келтирген” маалыматтарды жарыялаган ЖМКлардын лицензиясын кайтарып алат.

Мыйзам кабыл алынса, тыюу салынган материалдарды көчүрүп жарыялаган ЖМКлар да жоопкерчиликке тартылат.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Кремль орус армиясына шек келтирген материалдарды тараткандарга административдик жана кылмыш жазасын киргизген мыйзам кабыл алган. Айыпталгандар 50 миң рублга чейин айып пул төлөөдөн тартып 15 жылга чейин соттолушу мүмкүн. Орусияда бул мыйзам боюнча ондогон иш козголду.

XS
SM
MD
LG