Ссылки доступа

UzAuto Орусияга автоунаа экспортун токтотту


Өзбекстандын автоөндүрүш тармагында монополист деп эсептелген UzAuto Motors компаниясы GM автоунааларын Орусияга экспорттоону токтотту. Бул тууралуу Eurasianet.org сайты кабарлады.

UzAuto Motors'тун GM Chevrolet унааларын өндүрүүдө түштүк кореялык жарым өткөргүчтөр менен микросхемалар колдонулат. Өткөн айда Түштүк Корея Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы киргизген санкцияларга кошулган.

"Эгер UzAuto Motors Орусияга автоунаа сатууну улантса, анда Анжияндагы заводго зарыл болгон тетиктер келбей калышы мүмкүн", - деп жазды Euroasianet.

Басылманын кабарлашынча, GM компаниясынын Детройттогу өкүлү UzAuto Motors Chevrolet унааларын Орусияга экспорттоону 9-мартта токтотконун билдирген.

"Узавтосаноат" ишканасынын маалыматына караганда, 2021-жылы Өзбекстан Орусияга 320 автоунаа саткан. Жарым өткөргүчтөр менен микросхемалардын жетишсиздигинен улам 2021-жылы Анжиян заводундагы өндүрүш 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 16% кыскарган.

Өзбекстан 2021-жылы дүйнөнүн 10 өлкөсүнө 281,8 миллион долларга 28 952 автоунаа экспорттогон. Алардын эң көбү Казакстанга туура келет. Өткөн жылы бул өлкөгө 26 970 унаа сатылган. Андан кийинки орунда 448 автоунаа менен Украина, 320 унаа менен Орусия турат.

XS
SM
MD
LG