Ссылки доступа

Кыргызстан 12 жылдык окуу системасына өтөт


Кыргызстанда балдар эми 6 жаштан баштап милдеттүү түрдө 1-класска барат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Министр мындай өзгөрүү өлкөнүн билим берүү системасын дүйнөлүк стандартка ылайыкташтыруу аракетине байланыштуу экенин түшүндүргөн. Ага ылайык, 0-класс жоюлуп, мектептеги билим берүү 1-класстан башталат.

Бул өзгөрүүлөр качан, кандай шартта ишке ашары тууралуу толугураак маалымат бериле элек.

Бейшеналиевдин өзгөрүүлөр боюнча айткандары социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.

Буга чейин министр мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогдорунун эмгек акысын сааттык негизде төлөө шарттарынан баш тартып, ставка боюнча төлөөгө өткөнүн айткан. Анын айтымында, педагогдордун эмгек акысын эсептөөнүн бул модели боюнча жогорку класстардын мугалимдери үчүн 1 ставка 18 саатты, ал эми башталгыч класстардын мугалимдери үчүн 1 ставка – 16 саатты түзөт. Окуу жүктөмүнүн эң чоң көлөмү 27 саатты же 1,5 ставканы түзөт.

Кыргызстанда эки миңден ашуун мамлекеттик мектеп бар, аларда бир миллиондой окуучу билим алат.

XS
SM
MD
LG