Ссылки доступа

НАТО өлкөлөрүндө Орусия менен кандай мамиле куруу керектиги боюнча ача пикир болууда


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг

НАТОго мүчө өлкөлөр Украинада согуш уланып жаткан шартта Орусия менен кандай мамиле куруу керектиги боюнча ача пикирде болууда. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жогорку кызматтагы батыш аткаминерлерине шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Балтика өлкөлөрү менен Польша Москва менен мамилени толук үзүп, "Орусияны чөгөлөтө турган" чараларды көрүү зарыл экенин билдирүүдө. Алар Орусия өзүнүн жеңиши катары көрсөткөн нерселердин баары Европанын коопсуздугуна олуттуу зыян алып келет деп эсептеп жатышат.

Ошол эле маалда Франция, Германия жана Түркия орус армиясына карата аскердик кылмыш кылуу айыбы айтылганына карабастан, Владимир Путин менен байланышты улантууну каалап жатышат.

Ушул күндөрү Брюсселде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өтүүдө. Британ ТИМинин башчысы Лиз Трасс негизги "Орусия – НАТО" актысы "өлгөнүн" белгилеп, уюм Москва менен мамилесин толугу менен кайрадан карап чыгышы керектигин айтты.

Буга чейин НАТО орус армиясы Украинада жаңы чабуулдарга даярданып жатканын билдирген. "Аскерлердин Киев облусунан чыгышы бул чегинүү эмес, жоокерлерди бир жерге топтоо аракети. НАТОнун маалыматы боюнча, Орусия Донбассты толугу менен өз көзөмөлүнө алып, аннексияланган Крымга кургактыктан коридор ачууну көздөп жатат", - деген уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенберг.

Марттын аягында Москва Украинанын түндүк аймактарындагы аскерлеринин санын кыйла азайтып, негизги күчтү Донецк жана Луганск облустарын толук көзөмөлгө алууга жумшай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG