Ссылки доступа

Казакстанда "каржы пирамидасын" түзүүгө айыпталгандардын бири өз жанын кыюуга аракет кылды


Казакстандын Актөбө шаарында "каржы пирамидасын" түзүүгө айыпталып жаткандардын бири тергөөгө каршылык иретинде өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы айыпталуучунун туугандарына шилтеме кылып кабарлады.

Айыпталуучу өз жанын кыюуга аракет кылганын полиция менен прокуратура ырастады. Жаза аткаруу кызматы учурда анын өмүрү үчүн эч кандай коркунуч жок экенин билдирди.

Маалыматка караганда, 6-апрелде Мейрхан Сактаганов Актөбөдөгү тергөө атагына камалып, көп өтпөй ал жактан ооруканага жеткирилген.

Сактаганов Актөбөдө "каржы пирамидасын" уюштуруп, жарандарга 33 миллион теңге өлчөмүндө зыян келтирген деп айыпталып жаткан "Выгодный займ" компаниясынын 49 өкүлүнүн бири.

Анын жубайы Жанар Эсенжолованын айтымында, февралда күйөөсү тергөөчүлөрдөн материалдык далилдерди талап кылып, бир жума ачкачылык акциясын өткөргөн.

"Айыптар көп. Бирок тергөөчүлөр батир, автоунаа же документтер сыяктуу материалдык далилдерди көрсөтпөй жатышат. Күйөөм каршылык катары кышында бир жума эч нерсе ичип-жеген эмес", - деди Эсенжолоева.

2021-жылы жайында Актөбө шаарында 17 миңден ашык казакстандыкты алдоого айыпталган бир нече "каржы пирамидасынын" өкүлдөрүнүн үстүнөн сот жараяны башталган. Аларга "Каржы пирамидасын түзүү", "Уюшкан кылмыштуу топ түзүү жана анын ишине катышуу", "Алдамчылык" жана "Мыйзамсыз банк ишмердүүлүгү менен алектенүү" беренелери боюнча айыптар тагылган.

2020-жылы бир нече компанияга каражат салган жарандар акчасын кайтарып ала алабай жатканын айтып, полицияга арыз менен кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG