Ссылки доступа

Казакстанда январь окуяларынан кийин кармалган 16 киши ачкачылык жарыялады


Нурсултан Султанов — ачкачылык жарыялаган камактагылардын бири

Казакстанда январь окуяларынан кийин камакка алынган 16 жаран ачкачылык жарыялады.

Адвокаттардын айтымында, Өскемен шаарындагы абакта отургандардын ачкачылык акциясына тергөө мөөнөтүнүн жана алардын камактагы мөөнөтүнүн дагы бир айга узартылганы себеп болду.

— Жапырт башаламандыктарга катышууга шектелип кармалган 16 жаран 6-апрелден бери ачкачылык кармап жатышат. Алар Чыгыш Казакстан облусунун прокуроруна арыз жазышты, — деп билдирди адвокат Анара Кусаинова.

Анын билдиришинче, ачкачылык кармап жаткан жарандар тергөө иштерин жана соттук териштирүүлөрдү адилет жүргүзүүнү, ошондой эле баш коргоо чараларын камакка алуудан башкага өзгөртүүнү талап кылууда.

Өскемендеги түзөтүү абагынан ал жайдагы камактагылардын ачкачылык жарыялаганы боюнча маалыматтары жок экенин билдиришти.

Казакстанда январь окуялары маалында жана андан кийин миңдеген адам кармалып, жүздөгөн киши "терроризм", "жапырт башаламандык", "курал-жарак уурдоо" сыяктуу айыптар менен камакка алынган. Алардын көбү камакта катаал кыйноолорго кабылганын билдиришкен. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги тергөө абактарындагы кыйноолор тууралуу билдирүүлөрдү четке кагып келет.

Видео

Видео

 "Сен деп келген сапардан артка кайтпайм"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:31:12 0:00
XS
SM
MD
LG