Ссылки доступа

Комил Алламжонов Uzmetronom.com сайтынын негиздөөчүсүнө каршы арыз жазды


Комил Алламжонов.
Комил Алламжонов.

Өзбекстанда Улуттук масс-медианы өнүктүрүү жана колдоо фондунун камкорчулар кеңешинин башчысы, ишкер Комил Алламжонов Uzmetronom.com сайтынын негиздөөчүсү Сергей Ежковго каршы укук коргоо органдарына арыз жазды. Бул тууралуу Алламжонов өзүнүн Telegram-каналы аркылуу кабарлады.

Анын айтымында, Ежков 21-февралда өзүнүн сайтына Алламжоновду 4,2 миллион долларлык зер буюмдарды мыйзамсыз Өзбекстанга алып кирүү ишине катышкан деп айыптаган макала жарыялаган.

"Сергей Ежков менен жеке тааныш эмесмин. Бирок 2016-жылга чейин анын сайты айрым бир адамдарды каралоо боюнча кайсы бир атайын кызматтын буйрутмаларын аткарып жүргөнүн уккам. Ошондуктан мени каралаган макала чыккандан кийин юристтер менен кеңешип, арыз жазууну чечтим. Эми ал макаладагы сөздөрү үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек", - деп жазды Алламжонов.

Uzmetronom.com сайтына 21-февралда жарыяланган макалада 17-февралда "Аэрофлоттун" Москва-Ташкент каттамы менен дизайнер Жульетта Гурман учуп келип, Өзбекстанга 4,2 миллион долларлык алтын жана бриллиант алып кирүүгө аракет кылганы жазылган.

"Жульетта эч тынчсызданган эмес, анткени ага Ташкентте таасирдүү адам жеке өзү тосуп алып, баалуу таштарды алып кетерин убадалашкан. Бирок өзбек бажычылары андан багажын көрсөтүүнү талап кылганда катуу ачууланды", - деп жазылган макалада.

Uzmetronom.com сайтына Комил Алламжоновдун ысымы аталган макалалар байма-бай жарыяланып келет. Алардын көбү ишкердин бизнес ишмердүүлүгүнө, чет өлкөлүк журналисттердин ал тууралуу иликтөөлөрүнө жана жаңы кызматтарга дайындалышына байланыштуу.

XS
SM
MD
LG