Ссылки доступа

НАТО Украинаны, Грузияны, Босния жана Герцеговинаны колдоону күчөтөт


Йенс Столтенберг
Йенс Столтенберг

НАТОго мүчө өлкөлөр Украинага колдоо көрсөтүүнү күчөтүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу Түндүк Атлантикалык уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг НАТО өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Столтенбергдин айтымында, уюм Украинага советтик өндүрүштөгү жана заманбап курал-жарактын түрлөрүн берүүдө. Ошол эле маалда ал Украинадагы согуш уланып жаткан шартта Киев батыш өлкөлөрүнөн кандай курал-жарактарды алып жатканын ачык айткан жок.

Мындан тышкары НАТОго мүчө өлкөлөр Грузияга, Босния жана Герцеговинага жардам берүүнү күчөтүү боюнча макулдашты.

Маалыматка караганда, Грузияга байланыш коопсуздугу жана киберкоопсуздук тармактарында жардам берилет. Босния жана Герцеговина өлкөнүн коргонуу дараметин бекемдей турган жардамдардын топтомун алат.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Алты жумадан ашкан согушта миңдеген жайкын тургундар жана аскер кызматкерлери мерт болуп, 4 миллиондон ашуун украин жараны чет өлкөгө качууга аргасыз болду.

Тараптар буга чейин согушту токтотуу боюнча бир нече жолу жолугушууларды өткөрүштү. Бирок азырынча алар эч кандай жыйынтык бере элек.

Күн мурун Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина 29-мартта Стамбул шаарында өткөн жолугушууда айтылган сунуштарга караганда, тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү позициясын катаалдатканын билдирген.

Андагы сүйлөшүүлөрдө Киев Орусияга Украинанын ыктымал нейтралдуу макамы жана анын коопсуздугунун эл аралык кепилдиги тууралуу келишимдин долбоорун берген. Анда башка маселелер менен катар сунушталып жаткан кепилдик аннексияланган Крымга жана Донбасс аймагынын Украинага карабаган бөлүгүнө тиешелүү болбой турганы божолдонгон. Лавровдун айтымында, эми Киев долбоордогу бул пункттан баш тартууда.

Украин тарап азырынча Лавровдун акыркы билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG