Ссылки доступа

Алматыда президенттин резиденциясын түрттүрүүгө 13 миллион доллар бөлүнөт


Казакстан өкмөтү президенттин Алматыдагы резиденциясын түрттүрүүгө 6 миллиард теңге (азыркы курс боюнча 13 миллион доллардан ашык) каражат жумшоону пландоодо. Бул тууралуу бейшембиде каржы министринин орун басары Татьяна Савельева билдирди.

Январдагы жапырт нааразылык учурунда президенттин Алматыдагы резиденциясы талкаланып, өрттөлгөн. Февралда жергиликтүү басылмалар президенттин иш башкармалыгына шилтеме берүү менен биринчи кабатта талоончулар айдап барган автоунаа күйүп, анан жарылып кеткенин жазышкан.

Мартта резиденциянын конструкциялары жарабай калганы жана толук алмаштырууга муктаж экени айтылган.

Татьяна Савельева январь окуяларыны кесепеттерин жоюу үчүн 31 миллиард теңге которуу пландалып жатканын кошумчалады. Анын ичинен 21 миллиард тенге Алматы жана башка региондордор жабыр тарткан чакан жана орто бизнес субъектилерине берилет.

Алматыда Назарбаев саябанында жайгашкан президенттин резиденциясы республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесинде болгон. Марттын аягында имарат бул тизмеден чыгарылган.

Видео

XS
SM
MD
LG