Асадовдун билдиришинче, Султанов Мирзиёевдин жарлыгы менен “саламаттыгы боюнча башка кызматка өткөндүгүгө байланыштуу” кызматынан бошотулду.
55 жаштагы Алишер Султанов 2019-жылы февралда – министрлик жаңы түзүлгөндө анын башчылыгына дайындалган.
Ага чейин ал бир жарым жыл вице-премьер – геология, отун-энергетикалык, химиялык, нефтехимиялык жана металллургиялык өндүрүш башкармалыгынын башчысы болгон.
Энергетика министри болуп ким дайындалганы тууралуу расмий маалымат жарыялана элек.