Ссылки доступа

Казакстанда ун тартыштыгы пайда болушу мүмкүн


Казакстандагы ун өндүрүүчүлөр “1-1.5 аптага жеткендей гана” буудай кору калганын, андан соң тегирмендерди токтотууга мажбур болорун эскертишти. Бул тууралуу Казакстандын дан өндүрүүчүлөр бирикмеси кабарлады.

Биримдиктин маалыматына караганда, азыр буудайдын бир тоннасы 160 миң теңгеге чейин кымбаттаган, бирок бул баага да буудай табуу кыйын. Мунун кесепетинен Костанай облусунда тегирмендердин жарымынан көбү, Карагандыда 15и (36 тегирмен бар) жумушун токтотту. Түндүк Казакстан, Павлодар облусу жана Алматыда да тегирмендердин көбү иштебей турат.

“Биз, тегирменчилер эки-үч аптадан бери буудай сатып ала албай жатабыз. Сунуш жок... Ун өтө кымбаттайт. Кымбатчылыктан качып кутулуу мүмкүн эмес, себеби биз өндүрө турган продукциянын өздүк кунунун 85% чийкизатка байланыштуу”, — деди Дан өндүрүүчүлөр биримдигинин вице-президенти Талгатбек Алихан.

Тегирменчилер Казакстандын Айыл чарба министрлигинен буудай экспортун токтотуп, бардык корго инвентаризация жүргүзүүнү талап кылышууда.

15-мартта Орусия дан экспортуна тыюу салган. Кийинчерээк чектөөлөр кайра алынып салынганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG