Ссылки доступа

Президент жер басып алууга каршы жарлык чыгарды


Президент Садыр Жапаров "Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Президенттин расмий сайтына жарыялангандай, жер басып алууга жол бербөө үчүн бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

"Соңку жылдары бийлик органдары жер басып алууга каршы чараларды көргөнүнө карабастан, айыл чарба багытындагы жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алуу, жер тилесин көчөнүн, бак-дарак тигилген жерлердин, үйлөргө жанаша жайгашкан аймактардын эсебинен өзүм билемдик менен кеңейтип алуу уланууда", - деп айтылат жарлыкта.

Жапаровдун токтомуна ылайык, жерди мыйзамсыз ээлеп алгандарга карата көрүлүүчү чаралар иштелип чыгып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек. Президенттин облустардагы өкүлдөрүнө, шаарлардын мэрлерине, айыл өкмөттөрүнүн башчыларына жана укук коргоо органдарына жер жана суу мыйзамдарынын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөө тапшырылды.

Өткөн жылы президент Садыр Жапаров "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, Кыргызстандагы жаңы конуштарга мыйзамсыз түшкөн турак жайларга документтер берилүүдө.

Бишкек шаарынын тегерек четиндеги жаңы конуштарды мыйзамдаштыруу иши башталгандан бери борбор калаага жакын Сокулук, Аламүдүн райондорунда жер соодасы кызыды. Мурда турак жай түшпөгөн айрым айдоо талаалары да жер тилке үчүн сатылып жатканы айтылууда.

XS
SM
MD
LG