Ссылки доступа

Сирияда кооптуу лейшманиоза оорусу жайылууда


Тал Тамир шаары. Архив сүрөт
Тал Тамир шаары. Архив сүрөт

Сириянын жашоочулары лейшманиоза деп аталган кооптуу мите оорусунан жабыркап жатышат. Аль-Хасака провинциясынын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Тал Темир шаарында ооруну жуктурган жаңы учурлар күн сайын катталууда.

Эксперттер Сириянын саламаттык сактоо системасы дээрлик талкаланып калгандыктан, абал мындан да күчөп кетиши мүмкүн экенин эскертип жатышат.

Күрдистандын Кызыл чырым уюмунун кызматкери Имод Хасан оорунун жайылышына Хабур дарыясы себеп болуп жатканын билдирди.

"Дарыя соолуп, өтө көп сандаган чиркейлер пайда болду. Лейшманиозаны ошолор жайылтып жатат", - деди Хасан.

Калаа бийлигинин маалыматына караганда, жергиликтүү ооруканаларда лейшманиоза диагнозу менен 13 миң киши же шаар тургундарынын 25% жатат.

"Ооругандар көбөйүп, дарыгерлер абал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн деп тынчсызданып жатышат. Ооруп калгандардын арасында чоңдор да, балдар да бар. Дээрлик ар бир үй-бүлөдө лейшманиоза жуктурган бир-экиден адам бар. Дарыгерлер оорунун чыгышына Хабур дарыясынын жээгинде жайгашкан айылдардагы кургакчылык себеп болгонун айтып жатышат", - деди Жамиль Тайро аттуу жергиликтүү тургун.

Тал Тамирдин бийлиги дары-дармек жетишсиз болуп жатканын билдирип, бул кооптуу ооруга каршы күрөшүүдө жардам берүү өтүнүчү менен эл аралык гуманитардык уюмдарга кайрылды.

Бүгүнкү күндө Сирияда лейшманиоза жуктургандардын так саны белгисиз. Бирок эксперттердин айтымында, өлкөдө эпидемия үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүп калган: медицина менен инфраструктурасы талкаланып, коммуналдык кызматтардын иши бузулуп, дарыгерлердин көбү чет өлкөлөргө чыгып кетишкен.

Буга чейин лейшманиоза оорусу жапырт жайылган учур 2004-жылы Ооганстанда катталган. Расмий маалыматтарга ылайык, аны Кабул шаарынын өзүндө эле 67 500 киши жуктурган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, лейшманиоз – чиркей чакканда жуга турган мите оорусу. Анын кеңири жайылган түрү адамдын терисин жабыркатып, жараларды пайда кылат. Андан кийинки тырыктар денеде өмүр бою сакталып калат. Лейшманиоздун оор түрүндө адамды калтырак басып, арыктап, анемия болуп, боору чоңоюп кетет. Ооруну өз убагында дарылабаса адам өлүп калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG