Чек арадан өткөндө эки тараптан тең жарандардан ПЧР тести жана COVID-19га каршы эмдөөнүн, ревакцинациялоонун толук курсунан өткөнүн тастыктаган документи/паспорту талап кылынат.
Өткөн аптада Казакстандагы коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча мемелер аралык комиссия 11-апрелден тартып чек ара бекеттериндеги чектөөлөрдү алуу тууралуу чечим чыгарган.
Анын алдында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефондон сүйлөшкөндө чек арадан өтүү тартибин жеңилдетүүнү өтүнгөн. Токаев бул боюнча тиешелүү органдарга тапшырма бере турганын айткан.
Казакстан 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясынан улам чек арадан жүргүнчүлөрдүн катташына чектөөлөрдү киргизген. Мындан улам кыргыз жарандары коңшу өлкөгө учак менен гана барып жаткан. Ошол эле маалда Казакстандын жарандары Кыргызстандын чек арасынан ээн-эркин өтүшөт.
Эки өлкөнүн чек арасында жалпы жети өткөрмө бекети бар.