Ссылки доступа

Дүйнөлүк банк: Украинадагы согуштан улам Казакстандын ички дүң өнүмү төмөндөйт


Украинадагы согуш жана Орусияга киргизилген санкциялар жалпы дүйнө экономикасына терс таасирин тийгизет. Анын ичинде көбүрөөк Европа менен Борбор Азиядагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасы оор соккуга учурайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын жекшемби күнү жарыяланган баяндамасында жазылган.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, Орусиянын согуштук агрессиясы Украинанын экономикасын болжол менен 45,1% кыскартат. Ошол эле маалда бул көрсөткүч "согуштун узактыгына жана интенсивдүүлүгүнө жараша бир аз өзгөрүшү ыктымал".

Жалпы импортунун 40% орусиялык товарлар түзгөн Казакстандын ички дүң өнүмү 2022-жылы 1,5% чейин кыскарат деп болжолдонууда.

"Орусиядагы экономикалык абал Казакстандын товарларды жеткирүү чынжырчаларын бузуп, анын экономикасынын өсүү мүмкүндүктөрүн жокко чыгарат. 2022-жылы өлкөнүн ички дүң өнүмү 1,5-2% басаңдайт деп күтүлүүдө”, - деп жазылган Дүйнөлүк банктын баяндамасында.

Анын авторлору мартта Новороссийск деңиз портунда "Каспий куур түйүнү консорциумуна" таандык жабдуулардын иштебей калганына көңүл бурушкан. Ал аркылуу казак мунайынын 80% Батыш өлкөлөрүнө ташылып келинген. "Ал бир айдан алты жумага чейинки аралыкта оңдолуп бүтөт деп күтүлүүдө. Бул аралыкты эсепке алсак, 2022-жылы Казакстандын мунай экспортунун көлөмү болжол менен 5-6% кыскарышы мүмкүн", - деп жазылган баяндамада.

Дүйнөлүк банк Батыш өлкөлөрү киргизген санкциялардын фонунда Орусиянын ички дүң өнүмү 2022-жылы 11,2% төмөндөйт деп болжолдоодо.

XS
SM
MD
LG