Ссылки доступа

Өзбекстанда Орусиянын Украинага каршы агрессиясын актаган ЖОЖ мугалими "катуу эскертүү" алды


Орусиянын Украинага каршы агрессиясын актаган Анжиян мамлекеттик университетинин 67 жаштагы окутуучусу "катуу эскертүү" алды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын Telegram-каналы кабарлады.

"Анонимдүү сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, студенттердин көбү (88-90%) мугалим өз сабагын жакшы билерин айтышты. Бирок 10-12% мугалим сабактын темасынан четтеп кетип жатканын белгилешкен. Алардын бул айткандары жарым-жартылай ырасталгандыктан, мугалимге катуу сөгүш жарыяланып, андан нормативдик-методикалык эрежелерден тайбай турганы жөнүндө түшүнүк кат алынды", - деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин Анжиян мамлекеттик университетинин студенттери мугалим сабакта Орусияны мактап, аларды Украина фашисттик өлкө экенине ишендирүүгө аракет кылып жатканына даттанышкан.

Көз карандысыз "Элтуз" гезитинин маалыматына караганда, сабак маалында окутуучу Буча шаарындагы жапырт адам өлтүрүүлөрдү украиналыктар өздөрү уюштурганын айткан. "Мугалим сабакты баштаган сайын Орусияны мактап, Украинаны нацисттер башкарып жатканын жана Донбасста сегиз жылдан бери украиндер орустарды өлтүрүп келгенин айтат", - деп билдиришкен студенттер.

Окуу жайдын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул окуядан кийин университеттеги бардык кафедра башчыларына сабак маалында окутуучулар белгиленген программадан чыкпашы жана саясий көз караштарын жайылтпашы керектиги эскертилди.

"Бул маселе боюнча Анжиян мамлекеттик университети Өзбекстандын расмий позициясын карманат", - деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Буга чейин Өзбекстан президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов Ташкент Украинадагы абал боюнча нейтралдуу позицияда экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG