"Украина ЕБге мүчө болуу үчүн анкета алды. Биз буга чейин өтө чоң даярдык иштерин аткарганбыз, ошондуктан тез аракеттенүүгө даярбыз", - деп жазды Стефанишина Twitter'ге.
8-апрелде Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Киев шаарында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугуп, ага ЕБге кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн анкетаны тапшырган.
"Силердин ЕБге карай жолуңар башталды. Бул кыска жол болот", - деп билдирген Еврокомиссиянын башчысы. Ошол эле маалда ал талапкер макамын алуу жараяны адатта бир канча жылды талап кыларын, бирок Украина үчүн бул бир нече аптага гана созуларын белгилеген.