Ссылки доступа

"Бомба тууралуу билдирүүдөн улам" Uzbekistan Airways учагы Москвага конду


11-апрелде Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын "Минск-Ташкент" багыты боюнча учкан Airbus A320 учагы Москвадагы "Домодедово" аэропортуна конду. Буга учактын "бортунда бомба бар экени тууралуу" анонимдүү билдирүү себеп болду.

Авиакомпаниянын маалыматына караганда, билдирүү жашыруун даректен Uzbekistan Airways кызматкерлеринин, ошондой эле Орусия менен Беларустун авиациялык кызматтарынын e-mail-даректерине жөнөтүлгөн", – деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

Кабар келип түшөрү менен учакты текшерүү үчүн "Домодедово" аэропортуна кондуруу чечими кабыл алынган.

"Белгиленген тартип боюнча учак, жүргүнчүлөр, алардын багажы, жүгү жана почтасы текшерилди. Учакта жардыруучу зат бар экени тууралуу билдирүү ырасталган жок. Азыр бардык 104 жүргүнчү тең коопсуз жерде", - деп кошумчалашты авиакомпаниянын өкүлдөрү.

XS
SM
MD
LG