Ссылки доступа

Өзбекстан Украинага 34 тонна гуманитардык жардам жөнөттү


Украинанын Закарпатье облусу 8-апрелде Өзбекстан жөнөткөн 34 тоннадан ашык гуманитардык жүктү алды. Бул тууралуу аталган облустук акимчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Облус башчысы Виктор Никита Өзбекстандан гуманитардык жүк менен дары-дармек, жеке аптечкалар жана узак мөөнөткө сактала турган азык-түлүктөр сыяктуу зарыл нерселер келгенин билдирди.

"Жүк дароо согуш жүрүп жаткан аймактарга жеткирилет. Жардам үчүн Өзбекстандын өкмөтүнө, гуманитардык коридор үчүн Украинанын Өзбекстандагы элчиси Николай Дорошенкого ыраазычылык билдирем", — деди Никита.

XS
SM
MD
LG