Мекеменин өкүлү Елдос Килымжановдун айтымында, атайын прокурорлор жыл башындагы башаламандыктарга 12 кылмыштуу топ катышканын аныкташкан.
"Алардын арасында "Дикий Арман" деген каймана ат менен белгилүү Арман Жумагелдиев, "Айшуак-Жантугел" жана башка топтор да бар. Кылмыш топторунун 23 мүчөсү, төрт "авторитет" камакка алынды"- деди Килымжанов.
Анын айтымында, мындан тышкары Алматы аэропрортунун күзөт бөлүмүнүн башчысы "кызматтык милдетин аткарбай, аэропортту күзөтсүз калтырганы" үчүн кармалды.
"Ошондой эле Полициянын жана Улуттук коопсуздук комитетинин Алматы, Жамбыл, Кызылордо облустук департаменттеринин мурдагы башчылары да кармалды. Алар өз мекемелерин күзөтсүз калтырып кеткен деп шектелип жатышат. Мындан тышкары Алматы акимчилигинин алдында башаламандык уюштурган деген шек менен 4-апрелде Алматы облусунун 10 тургуну кармалган", - деди Килымбетов.
Анын айтымында, Чымкент шаарынын аянтындагы башаламандыкка катышкан 52 кишинин тек-жайы аныкталды. Жамбыл облусунда башаламандыктын беш уюштуруучусу, 140 активдүү катышуучусу, 11 чагымчы, жана уюшкан кылмыштуу топтун эки лидери камакка алынды.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Январь окуялары боюнча жалпысынан 547 кишиге "жапырт башаламандык уюштурду" деген айып тагылып, алардын 269у камалган.
Быйыл жыл башында Казакстанда болгон башаламандыкта он миңге жакын адам кармалып, кеминде 230 адам көз жумганы расмий кабарланган. Окуяны Акордо "террордук акт" деп атаган жана президент Касым-Жомарт Токаев Алматыга "20 миң согушкер" кол салганын айткан. Анткен менен бийлик "террордук актынын" эч кандай далилин көрсөткөн эмес.