Ссылки доступа

"Ак-Тилек-Карасу" өткөрмө бекетинде 300дөй жүк ташыган машине кезекте турат (видео)


Казактандын чек арасындагы "Ак-Тилек-Карасу" өткөрмө бекетинде ушул тушта 300дөй жүк ташыган машине кезекте турат.

Айдоочулар алты чакырымга созулган кезекти өздөрү көзөмөлдөп жатышат. Алардын айтымында, чек арадагы абалдын себебин эч ким түшүндүргөн эмес.

Айдоочу Николай Дмитриченконун машинеси “Ак-Тилек” өткөрмө бекети тараптагы алты чакырымга созулган узун кезектин аягында турат. Ысык-Көлдөн Орусияга алма ташып бара жаткан айдоочу таң атканча 200 метр гана жылганын айтууда.

"Таңкы алтыдан бери түшкө чейин ордуман жылган жокмун. Жүктөп бара жаткан 22 тонна алма чирип кетпеш үчүн муздаткыч иштеп турушу керек. Ага суткасына 70 литр солярка сарпталат. Анын ар бир литрин 63 сомдон эсептеңиз. Суткасына беш миң сом короп жатат. Мындан тышкары тамак ашым бар. Аны ким төлөп берет? Бул жерде турбаганда үч суткада Орусияга кирип бармакмын".

Кыргызстандын чек ара кызматы тоскоолдуктар Казакстан жактан болуп жатканын, анын себебинен кабары жок экенин билдирди. Казакстан эч кандай комментарий бере элек.

Чек арадагы кырдаалга “Торугарт” бекети аркылуу Кытайдан кирген жүк ташуучу машинелердин саны мурункуга салыштырмалуу кыйла арбыганы себеп экени да айтылып жатат. Бажы кызматынын маалыматына караганда, мурда "Торугарттан" бир күндө 30 автоунаа өтсө, азыр анын саны 70-80ге жетүүдө.

Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Казакстан тарап Кыргызстан аркылуу жүк алып киргендерге эрежелерди катаалдатып, түйшүк жараткан учурлары көбөйдү.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

XS
SM
MD
LG