Ссылки доступа

Өзбекстанда вице-премьердин жубайына таандык банк эсептери менен офшор компаниялар текшерилүүдө


Өзбекстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Ачилбай Раматовдун жубайына таандык офшордук компаниялар менен Швейцария банктарындагы эсептерди текшере баштады.

Быйыл февралда "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө" долбоору (OCCRP) Credit Suisse банкында өзбек вице-премьер-министринин жубайы Рано Раматованын 1 миллион доллардан ашык каражаты бар экенин кабарлаган. Раматова анда Daryo басылмасына маек берип, анын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн эч кимисинде чет өлкөлүк банктарда эсеби жок экенин айткан.

31-мартта "Рост24" сайты "Раматова айымдын миллиарддарга алып барган бизнес-империясы ачыкка чыкты" деген аталышта макала жарыялаган. OCCRP'нин маалыматына ылайык, "Өзбек темир жолдору" ишканасынан каражат уурдоо үчүн Рано Раматованын атына атайын офшордук компания ачылган.

"Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору жарыялаган акыркы маалыматтар Раматованын Өзбекстандагы ири каржы алдамчылыктарга тиешеси бар экенин ырастап турат. Бул жолкусунда иликтөө борборунун документтери менен реквизиттери "фейк" деп танып кетүү мүмкүн эмес", - деп жазган "Рост24".

Маалыматка караганда, Өзбекстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Ачилбай Раматов 10 жыл жетектеген "Өзбек темир жолдорунун" офшордук каржы оюндарына катышкан-катышпаганын иликтейт. Буга чейин мекеме башчысы Акмаль Бурханов мыйзам боюнча өзбек аткаминерлерине чет өлкөлөрдө банк эсептерин ачууга тыюу салынганын айткан.

XS
SM
MD
LG