«Тышкы абалдын курчушу биздин регионго таасирин гана тийгизип тим болбостон, камсыздоо чынжырчасын үзүп, логистикалык системанын убактылуу токтошуна алып келүүдө», – деп айтылат билдирүүдө.
Өзбекстандык экономисттер азык-түлүк товарларынын баасы 20-30% жогорулаганын, Борбордук Банктын көрсөткүчү чындыкка коошпой турганын айтышууда. Экономист Акмал Тошбек Борбордук банк өз анализинде азык-түлүк рыногундагы эң төмөнкү бааны көрсөтөрүн белгиледи:
– Маселен, айрым өнүмдөрдүн баасы төмөндөп, айрымдарынынкы жогорулады. Мартта базарда жаңы картошка чыкты, анализде болсо эски картошканын баасы көрсөтүлөт. Аналитиктер көптөгөн азык-түлүктөрдүн орточо баасын эсептегендиктен инфляция төмөн болгонсуп көрүнүп жатат. Чынында инфляциянын деңгээли 10,5 % жогору.
7-мартта Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев ички рынокто азык-түлүк бааларынын туруктуулугун камсыздоону тапшырган.
10-апрелде Дүйнөлүк банк Украинадагы согуштун башка өлкөлөрдүн экономикасына тийгизип жаткан таасири жөнүндө баяндамасын жарыялаган. Ага караганда, Өзбекстанда 2022-жылы экономикалык өсүш 3,6 % чейин төмөндөйт.