Ссылки доступа

Орусия Бишкек-Самара, Бишкек-Новосибирск поезд каттамына уруксат берди


Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев 12-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.

Ал ошондой эле, Орусия өзүнүн темир жолун оңдоп-түзөп жатканына байланыштуу Бишкек-Москва поезд каттамы 2023-жылга чейин жанданбайт деген жооп алышканын айтты.

Февраль айында Казакстан өзүнүн аймагы аркылуу поезд менен кыргызстандык жүргүнчүлөрдүн катташына уруксат берген. Бул маселе 15-16-февраль күндөрү Алматыда эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусу боюнча жумушчу топтун жыйынында кабыл алынган.

Кыргызстандан Орусияга жүргүнчү ташыган поезд каттамы 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясынан улам жабылган. Ага чейин жумасына эки жолу Бишкек - Москва, сегиз күндө бир жолу Бишкек - Новосибирск жана аптасына бир ирээт Бишкек - Казань каттамы болгон.

XS
SM
MD
LG