Буга чейин иштеп жаткан акылуу-VPN-кызматтар да бөгөттөлдү.
Түркмөнстандык колдонуучулар Интернетке жалгыз провайдер – “Түркмөнтелеком” улуттук байланыш оператору аркылуу гана туташа алышат.
"VPN-кызматтардын баары, акылуусу да иштебей калды. Ылдамдык кескин төмөндөп кетти. Буга чейин Интернеттин мынчалык жай болгону эсимде жок", - деди өз булактардын бири.
Көз карандысыз turkmen.news басылмасы да 11-апрелден тартып Интернет бөгөттөлүп жатканын жазган. Басылма VPN-кызматтар да иштебей калганын белгилеген.
Кеңесеси Калифорнияда жайгашкан Cloudflare интернет кызматы боюнча компания Түркмөнстанда 10-апрелде Интернет ылдамдыгы кескин төмөндөп кеткенин аныктады. Cloudflare Radar маалымдагандай, Түркмөнстанда Интернет дээрлик толук өчүрүлгөн.
Компаниянын сайтындагы маалыматка караганда, 12-апрелде Түркмөнстанда Интернет бөгөттөлгөн бойдон турду.
Түркмөнстан бийлиги маалыматтын тарашын катуу көзөмөлдөгөн өлкө катары таанымал. Өлкөдө Facebook, Twitter, Instagram, Вконтакте жана Одноклассники сыяктуу соцтарамактардын бөгөттөлгөнүнө бир нече жыл болду. Бийлик көз карандысыз маалымат каражаттарынын сайттарын да жаап таштаган. Бейтарап маалымат алуу үчүн түркмөнстандыктар VPN кызматтарды колдонуп келишкен.