Ссылки доступа

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүү уланууда


Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору тууралуу депутаттын суроосуна жооп берди. Анда үч тараптуу сүйлөшүү уланып жатканын, тактай турган маселелер бар экенин айтты.

"Ким курат, кайсы тараптан курат жана баасы боюнча бир топ сүйлөшүүлөр болуп жатат. Андан сырткары жолдун туурасы боюнча дагы маселелер бар. Аны биз кошуна мамлекеттер менен дагы макулдашуубуз керек", - деди Тиллаев.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында эле көтөрүлсө да ишке аша элек. Февраль айында Бээжинде президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин жолугушуусунда темир жолдун курулушу жөнүндө сөз болгон.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун төрт багыты боюнча варианттар бар. Кыргызстан темир жолду Ат-Башы районундагы Торугарт ашуусу аркылуу өткөрүп, Фергана тоо кыркасы бөлүп турган Кыргызстанды эки жагын байланыштыргысы келет. Ал эми Кытай менен Өзбекстан темир жолдун кыска багыты Эркечтам ашуусу аркылуу өтүшүн каалайт.

XS
SM
MD
LG