Ссылки доступа

Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги: Ташкенттин мэри түздөн-түз ишкердик менен алектенбейт


Өзбекстандын Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги президент Шавкат Мирзиёевдин ачыктык тууралуу жарлыгын аткарбаган мамлекеттик мекемелер жөнүндө маалымат берди.

Агенттиктин директору Акмаль Бурхановдун айтымында, 135 мамлекеттик мекеменин 80и жарлыкта талап кылынгандай маалыматтарды тиешелүү ресурстарга жайгаштырган эмес. Мындан тышкары 88 мекеме кызматкерлеринин иш сапарлары менен чет өлкөлүк меймандарды тосуп алууга кеткен чыгымдарды өз убагында жарыялаган эмес.

Коррупцияга каршы күрөшүү агенттинин басма сөз катчысы Дурдона Мунаварова Өзбекстандын мыйзамдарында инвестициялык ишмердүүлүк, анын ичинде компаниялардын акцияларына ээлик кылуу ишкердик деп эсептелбей турганын билдирди. Анын айтымында, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө өлкөнүн курулуш министри Батир Закиров менен Ташкенттин мэри Жахонгир Артикхожаев түздөн-түз ишкердик менен алектенбей турганы жана ишкердик түзүмдөрдүн аткаруу органдарын жетектебестиги аныкталган.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш тармагындагы айрым мамлекеттик буйрутмаларды Закировдун жакын туугандарына таандык бизнес-түзүмдөр алганы жана кызыкчылыктар кагылышы болгону ырасталган. Бирок ал иштер каралган маалда мыйзамда кызыкчылыктар кагылышына жол берүү үчүн кылмыш же административдик жоопкерчилик жок болчу", - деди Мунаварова.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда мыйзамга кызыкчылыктар кагылышы үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү боюнча иштер жүрүүдө. Тиешелүү долбоор коомчулукка жакынкы күндөрү сунушталат деп күтүлүүдө.

2022-жылдын 1-январына карата "Кызыкчылыктар кагылышына жол бербөө тууралуу" мыйзам долбоору иштелип чыгып, Министрлер кабинетине жөнөтүлгөн. Учурда ал долбоор өлкө парламентине киргизүү баскычында турат.

XS
SM
MD
LG