Ссылки доступа

Алматы соту оппозициялык активист Жанболат Мамайды камакта калтырды


Алматы шаардык соту "бийлик өкүлүн кемсинтүү" жана "жалган маалымат таратуу" айыбы менен кармалган оппозициялык активист Жанболат Мамайды камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Шаршемби күнү отурум болуп жаткан учурда активисттин он чакты тарапташы сот имаратынын алдына чогулуп, аны бошотууну талап кылышты.

Өлкөдө каттоого алынбаган "Казакстан демократиялык партиясынын" 33 жаштагы лидери Жанболат Мамай марттын ортосунда эки кылмыш ишине байланыштуу кармалган. Биринчиси иш былтыр сентябрда бийлик менен макулдашылбаган митингге байланыштуу козголгон. Мамайга анда жарандарды күч менен кармап кетип жаткан полиция кызматкерлерин кемсинткен деген кине тагылган.

Экинчи иш финансылык рынокту тескеген агенттиктин арызы менен козголгон. Мекеме активист саясий максатты көздөп насыялар боюнча мунапыс тууралуу жалган маалымат тараткан деп эсептейт. Мамай тарапташтары менен бирге карыздарды мыйзамдуу мехнизмдер аркылуу кечүүгө үндөп келгенин айтууда.

Активисттин колдоочулары бул иштерде саясий кызыкчылык бар экенин айтып келишет.

Буга чейин бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары казак бийлигин Жанболат Мамайды бошотууга чакырышкан.

XS
SM
MD
LG