Орусиянын ТАСС жана РИА "Новости" мамлекеттик агенттиктери Коргоо министрлигине шилтеме кылып, крейсер өрттөн улам олуттуу жабыркаганын, өрттүн тутанган себеби иликтенип жатканын жазышты. Билдирүүлөрдө жабыркагандар жана өлгөндөр тууралуу маалымат берилген эмес.
Буга чейин Украина "Москва" кемесине ракетадан сокку урганын билдирген. Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Максим Марченко крейсерге "Нептун" ракеталары менен чабуул жасалганын айткан.
"Москва" кемесиндеги экипаждын саны түрдүү маалыматтар боюнча 510-758 адамга чейин болушу мүмкүн. Крейсер Орусия Украинага бастырып киргенден кийинки алгачкы күндөрү Одесса облусундагы Змеиный аралындагы аскердик операцияга катышкан. Анда бир топ украин жоокери курман болуп, айрымдары барымтага алынганы айтылган.