Ссылки доступа

Украинадан Румынияга качкан өзбекстандык эже-сиңди мекенине кайтып келди


Март айында гуманитардык коридор аркылуу Украинанын Одесса шаарынан Румыниянын баш калаасы Бухарестке качууга аргасыз болгон өзбекстандык эже-сиңди мекенине кайтып келди. Бул тууралуу "Дунё" агенттиги Өзбекстандын Стамбулдагы Башкы консулдугуна шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, 30 жаштагы Алина жана 28 жаштагы Эльвина Исмагиловалар 1-апрелде Бухаресттен Өзбекстандын Стамбулдагы консулдугуна кайрылып, Ташкентке кетүүгө жардам сурашкан.

Эже-сиңди өзбек дипломаттарынын жардамы менен 2-апрелде Стамбулга жеткирилип, 5-апрелде демөөрчүлөр сатып берген авиабилет менен Өзбекстанга учуп келишкен.

Буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги 28-февралдан 24-мартка чейин Украианын согуш болуп жаткан аймактарынан 27 аба каттамы менен 6030 өзбек жараны алып келингенин кабарлаган.

XS
SM
MD
LG