Ссылки доступа

Украинада Медведчуктун 154 мүлкү камакка алынды


Виктор Медведчук
Виктор Медведчук

Украина соту апта башында кармалган орусиячыл саясатчы Виктор Медведчук менен анын жубайы Оксана Марченконун 154 мүлкүн камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик иликтөөлөр бюросу билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, камакка алынган мүлктөрдүн арасында 26 автоунаа, 30 жер тилкеси, 23 үй, 32 батир, 17 автоунаа токтотуучу жай жана моторлуу яхта бар. Мындан тышкары Медведчук менен жубайынын 25 компаниядагы үлүштөрү да камакка алынды.

Апта башында Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын адамдарынын бири делген украиналык саясатчы Виктор Медведчук колго түшкөнү белгилүү болгон.

Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Иван Бакановдун айтымында, Медведчук бир жарым айдан бери Киевдин четинде ижарага алган үйдө жашырынып жүргөн. Ал Молдовадагы жикчил Приднестровьенин аймагына өтүүгө аракет кылган маалда колго түшкөн. Украинанын президенти Владимир Зеленский орус бийлигине Медведчукту туткундагы украин аскерлерине алмашууну сунуштаган.

"Оппозициялык платформа – Өмүр үчүн" партиясынын саясий кеңешинин төрагасы Виктор Медведчук Владимир Путин менен тыгыз байланыштагы украин саясатчысы. Ал "мамлекетке чыккынчылык кылуу" жана "террордук ишмердүүлүккө көмөк көрсөттү" айыптары менен былтыр май айында үй камагына алынган. Быйыл 24-февралда Орусия Украинага бастырып кирген күнү үй камагынан качып кеткени белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG