"Биз утилизациялык алымга каршы болуу менен "элди ачык тоноону токтоткула" деп жатабыз. Бул керектөөчүлөрдүн чөнтөгүн жукартып, олигархтар менен саясий элитага киреше алып келүүдө", - деди утилизациялык алым маселесин көтөрүп келген саясат таануучу Санжар Бокаев.
– Эгер өкмөттүн негиздемеси, жок дегенде эсептөөнүн илимий жактан негизделген бир ыкмасы болсо 40-60% да макул болмокмун. Бирок эч нерсеси жок! Эмнеге биз буга макул болушубуз керек?! Бул иштин баарын азыр кызматтарынан жогорулап жаткан олигархтар менен аткаминерлерден турган топ жасаган. Бирок эч кимиси жоопко тартылган жок. Мамлекетке 3 триллион теңге зыян келтирилип, жарандардын чөнтөгүнөн 2 миллиард доллар чогултушту. Бул аралыкта ал сумманын басымдуу бөлүгү уурдалып, сыртка чыгарылып кеткен. Ошондуктан биз макул эмеспиз, – деди ал.
Саясий серепчи Болат Абилов утилизациялык алымды саясий төлөм деп атап, маселенин тамыры тереңде экенин белгиледи. "Бул өлкөдөгү жемкорлуктун көрсөткүчү. Казакстан арзан автоунааларды Кыргызстан, Армения сыяктуу үчүнчү өлкөлөрдөн алып келүүгө аргасыз. Анткени бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү алмашып турат, ал жакта демократия, шайлоолор болот", - деди Абилов.
"Биз эмнеге утилизациялык алым төлөп жатабыз? Анткени Назарбаевдердин үй-бүлөсүнүн улуу мүчөлөрү мунайды, газды, жезди, темирди, башка мүчөлөрү банктарды, калгандары Хоргосту, өлкөдөгү бардык ири базарларды ээлеп алышкан. Биз азык-түлүктү дүйнөдөгү эң жогорку баалар менен сатып алып жатабыз. Мал чарбачылыгы өнүккөн өлкө экенибизге карабастан, эт Европадагыдан кымбат болууда. Эмнеге ушундай маселелер көтөрүлбөйт? Назарбаевдин кичүү кызы экологиялык биримдиктин башчылыгына келгенден кийин ага ушундай укук беришти. Бул бизге – элге салынган салык. Элди уялбастан каракчылык менен тоноо", – деди ал.
Митинг катышуучулары вице-премьер Роман Склярга утилизациялык алымдардан улам элдин сатып алуу мүмкүнчүлүгү төмөндөгөнүнүн белгиси катары "эски автоунаа" түрүндө белек даярдап келишкен. Алардын айтымында, адамдардын жаңы автоунаа сатып алууга акчасы жетпегендиктен, көчөлөрдө эски машинелер көбөйүүдө.
Ушул тапта Казакстанда утилизациялык алымдар 447 миң теңгеден (1,1 доллар) 5,9 млн теңгеге (13,480 доллар) чейин жетет.
Буга чейин жарандар өнүккөн өлкөлөрдө утилизациялык алым 100 миң теңгеден ашпай турганын, айрым мамлекеттерде кайра иштетүүчү заводдор өзүн-өзү актай турганын айтып келишкен.
Январь окуяларынан кийин президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен "Оператор-РОП" компаниясын утилизациялык алымдарды жыйноо укугунан ажыратып, бул милдетти мамлекеттик "Жасыл даму" ишканасына жүктөгөн. Ага чейин президент бул компаниянын ишмердүүлүгү коомчулук менен ишкерлердин "көптөгөн суроолорун жаратып жатканын" айтып, утилизациялык алымдарды жыйноо менен мамлекеттик орган алектениши керектигин билдирген.
Февралдын аягында вице-премьер-министр Роман Скляр автоунаалар менен айыл-чарба техникалары үчүн утилизациялык алымдын көлөмү 50% төмөндөтүлө турганын айткан.